Мессенжерлерде тараган видеолордон аскердик техника бир орундан экинчи орунга которулуп жатканын көрүүгө болот. Министрлик бул пландуу аскердик даярдыктын алкагында жүрүп жатканын белгиледи.
"Коргоо министрлигинин Щучинск шаарындагы Аскердик колледжинин студенттери менен практикалык сабактарды өтүү үчүн аскердик техника Семей гарнизонунан алынып келинди. 25-февралдан тартып 3-мартка чейин Карагандыдагы аскердик техника Гвардейский гарнизонуна, Алматыдагы техника Актау гарнизонуна жөнөтүлөт. 1-4 март аралыгында Куралдуу күчтөрдүн техникасы Чымкенттен Тараз, Түркстанга – Айша-Биби гарнизонуна жеткирилип, кайра артка кайтарылат", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Ушул эле маалда ремонт иштери үчүн аскердик техника Батыш Казакстан облусунан темир жол транспорту менен өлкөнүн түштүк аймактарына жеткирилет.
Соцтармактарда темир жол менен ташылып жаткан аскердик техниканын видеосу жана сүрөттөрү тарап жатат. Колдонуучулар Казакстан Украинага аскерлерин жөнөтүп жатабы деген суроо салышкан. Казакстандын Коргоо министрлиги казак аскерлеринин Украинага жөнөтүлүп жатканы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Министрлик казак аскерлерин Украинага же башка бир өлкөгө жөнөтүү жөнүндө өтүнүч түшпөгөнүн белгиледи. Тынчтык жана коопсуздукту колдоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу үчүн Куралдуу күчтөрдүн аскердик контингентин жиберүү чечимин өлкө президентинин сунушу менен парламент кабыл алат.