Ссылки доступа

Кыргызстанга дары-дармек жана медициналык жабуулардын 60% Орусия менен Украинадан келет


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-мартта Кыргызстандын Фармацевтикалык бирикмеси менен жыйын өткөрүп, өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун камсыз кылуу маселесин талкуулады.

Министрликтин маалыматына караганда, жыйындын жүрүшүндө фармацевтикалык фирмалардын өкүлдөрү Украинанын айланасындагы кырдаалдан улам жаралган кризистик абалга тынчсызданууларын билдиришти.

Фармацевтикалык бирикменин башчысы Эрнис Асанов Кыргызстанга дары-дармек жана медицина багытындагы жабдуулар дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнөн алып келине турганын, алардын 60% жакыны Орусия менен Украинага туура келерин белгиледи. Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалдан улам Украинадагы буйрутмалардын баары жокко чыгарылып, дары-дармек жеткирүүнү калыбына келтирүү мүмкүндүгү чечилбеген бойдон калууда.

Ошол эле маалда орусиялык өндүрүшчүлөр рубль курсунун туруктуу болбой жатканына байланыштуу товар жеткирүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырып коюшкан. "Мындан тышкары санкциялык чаралардан улам Европа өлкөлөрүнүн көбү Орусияга дары-дармекти жана медициналык жабдууларды жеткирүүнү токтотушу мүмкүн. Мындан улам Орусия ички базардагы суроо-талапты канааттандыруу үчүн экспортту токтотууга аргасыз болот", — деди Асанов.

Фармбизнестин өкүлдөрү акыркы кырдаалдарга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине "дүйнөлүк фармацевтикалык базар турукташканга чейин" бааларды көзөмөлдөө боюнча пилоттук долбоорду токтото турууну сунушташты.

Өз кезегинде министр Алымкадыр Бейшеналиев бул маселени карап көрүүгө даяр экенин билдирип, өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG