Алматыдагы Назарбаев проспектисинде жайгашкан бул имарат "Казакстандын биринчи президенти – Элбашынын резиденциясы" катары республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесинде турат.
Өткөн айда басылмалар президенттин иш башкармалыгы резиденция имаратын калыбына келтирүү иштерин баштоону пландап жатканын кабарлашкан. Анда анын биринчи кабатында "талоончулар айдап кирген автоунаа жарылып, өрттөнүп кеткени" айтылган.
"Экинчи кабаттын таяныч конструкцияларынын зыянга учураганы кооптуу болуп турат. Бул имаратты калыбына келтирүүгө болобу-болбойбу деген маселени жаратууда", — деп билдиришкен анда иш башкармалыктан. Бирок Казакстандын көп профилдүү Реконструкция жана өнүгүү институтунун эксперттери ал конструкцияларды алмаштырса болорун айтышкан.
Казакстан президентинин Алматыдагы резиденциясынын имараты 1995-жылы пайдаланууга берилген.