Ссылки доступа

Алты күндүн ичинде Украинадан 835 миңден ашык киши чыгып кетти


Венгрияга барган украин качкындары
Венгрияга барган украин качкындары

Орусия согуштук аракеттерди баштагандан бери Украинанын аймагынан 835 миңден ашык адам чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын расмий өкүлү Шабия Манту билдирди.

Украиналык качкындарды негизинен Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер жана Молдова кабыл алып жатат.

Мунун алдында Польшанын президенти Анжей Дуда алардын өлкөсүнө 500 миңдей киши качып өткөнүн маалымдаган.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597си жаракат алганын 2-мартта моюнга алды.

XS
SM
MD
LG