Ссылки доступа

Киевдеги кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн Венгрияга дагы бир автобус каттамы уюштурулууда


Кыргызстандын Украинадагы элчилиги автобус менен Венгрияга жеткирүү үчүн Киев шаарындагы кыргыз жарандарынын тизмесин түзүүдө. Бул тууралуу 2-мартта Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден белгилешкендей, бул тизмеге кирүү үчүн кыргызстандыктар +996 551 312 000 номуру аркылуу ТИМдин Консулдук кызматынын департаменти менен байланышы керек болот.

1-мартта 114 кишиден турган кыргызстандыктардын тобу Украинадан Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарына жеткирилгени кабарланган. Чек арадан аларды дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери тосуп алып, мейманканаларга жайгаштырышкан. Мындан тышкары дагы 90дон ашык кыргыз жараны Польшага чыгып кеткени айтылган.

Буга чейин Кыргызстандын ТИМи Украинада коопсуз турак жайы жок кыргызстандыктар үчүн Киев, Харьков жана Одесса шаарларында убактылуу кабыл алуу жайлары ачылганын билдирген.

Украинада жалпысынан Кыргызстандын 1350дөн ашык жараны бар. Бирок алардын 680и гана консулдук каттоодо турат.

XS
SM
MD
LG