Ссылки доступа

Прокурор "Свобода" радиосунун беларус кызматынын журналистин 1,5 жылга соттоону өтүндү


Олег Груздилович
Олег Груздилович

Минск шаарында айыптоо тарап соттон "Свобода" радиосунун беларус кызматынын кабарчысы Олег Груздиловичти 1,5 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Ал "коомдук тартипти одоно бузган аракеттерди уюштурган жана даярдаган" деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматына ылайык, журналист Тышкы иштер министрлиги аккредитациясынан ажыратканына карабастан мыйзамсыз өткөн акцияларга катышкан.

Груздилович өзү бул айыптоону четке кагып, нааразылык акциялар маалында "Элдин эрки" гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы катары иштегенин билдирүүдө.

Журналистке каршы козголгон кылмыш иши 2020-жылкы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына каршы өткөн жапырт нааразылык акцияларына байланыштуу. Батыш өлкөлөрү Александр Лукашенко катары менен алтынчы жолу президент болуп тандалган ал шайлоонун жыйынтыктарын тааныган эмес.

2-мартта Минск шаарындагы Совет райондук сотунда Груздиловичтин иши боюнча алгачкы соттук угуулар өттү. Залда орун көп экенине карабастан, журналисттин тарапташтарынын, досторунун жана кесиптештеринин көбүнө отурумга катышууга уруксат берилген жок.

Сотто адвокат айыптоолорду негизсиз деп эсептей турганын билдирди. Анын айтымында, Груздиловичтин аракеттеринде кылмыштын белгилери жок жана ал акталышы керек. Бул иш боюнча сот өкүмдү 3-мартта чыгарат деп күтүлүүдө.

Олег Груздилович 2021-жылдын 23-декабрынан бери Минск шаарындагы тергөө абагында камакта отурат. "Свобода" радиосунун беларус кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө радионун 15 жылга соттолгон консультанты Игорь Лосик менен штаттан тышкары кабарчысы Андрей Кузнечик да абакта.

XS
SM
MD
LG