Ссылки доступа

Тажикстанда калкка электр энергиясын берүүдө бейрасмий чектөөлөр киргизилгени айтылууда (видео)


Тажикстандын көптөгөн аймактарында электр энергиясын колдонууга бейрасмий түрдө чектөө киргизилгени айтылууда. Жашоочулар жарык күндүз да, түнкүсүн да бир нече сааттан өчүрүлүп жатканына даттанууда.

"Кышкысын эч кандай маселе болгон эмес. Туруктуу өчүрүүлөр болжол менен он күн мурда башталды. Алгач электр кечки саат 10до өчүп жаткан болсо, азыр күндүз да жарыксыз отурабыз"- деди Вахдат шаарынын тургуну Абдухолик Гафуров.

"Электр энергиясы эскертүүсүз эле өчүрүлүп жатат. Бул өтө ыңгайсыз, анткени кайра качан берилери да белгисиз. "Барки точиктин" өкүлдөрү калкка алдын ала кабар бериши керек", - деди Сайфиддин Хайдаров аттуу дагы бир тургун.

Өз кезегинде мамлекеттик "Барки точик" энергохолдинги электр энергиясын колдонууда чектөө киргизилгенин четке кагууда.

"Тажикстанда электр энергиясына эч кандай чектөө жок. Жарандар кышкысын да, жазында да электр жарыгы менен камсыз болгон. Интернетте жазып жаткандар чагымчылар. Ким даттангысы келсе "Барки точикке" даттансын, ал тууралуу компаниянын жетекчилигине кабар беребиз. Дагы бир жолу кайталайм, эч кандай чектөө жок", - деди энергохолдингдин басма сөз катчысы Нозиржон Ёдгори.

Жергиликтүү эксперттер калкка электр энергиясын берүүдөгү бейрасмий чектөөлөр Нурек суу сактагычындагы суунун азайганына байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат. 14-февралда "Барки точиктин" башчысы Махмадумар Асозода Нурек суу сактагычында суунун деңгээли төмөндөп кеткенин айтып, бирок электр энергиясын туруктуу өндүрүүгө жетиштүү экенин белгилеген.

«Барки точик» отрицает введение лимита, люди жалуются на отключение электричества
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Тажикстандын бийлиги 2017-жылы электр энергиясын берүүдөгү көйгөйлөр толугу менен жоюларын билдирген. 2018-жылы ноябрда президенттин катышуусунда Рогун ГЭСинин алгачкы агрегаты ишке киргизилген. Анда ГЭСтин курулушу толук аяктагандан кийин Тажикстан электр энергиясын өндүрүүнү эки эсеге көбөйтүп, калк арзан энергия менен камсыз болуп, артканы сыртка экспорттоло турганы айтылган.

Бирок Тажикстандын түрдүү аймактарындагы тургундар электр энергиясы өчүрүлүп жатканына даттануусун улантып келишет. Адатта "Барки точик" холдинги мындай учурларда электр жарыгын берүүдөгү мүчүлүштүктөрдү оңдоо иштери менен түшүндүрөт.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG