Ссылки доступа

Токаев менен Зеленский Украина маселесин талкуулашты


2-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу казак лидеринин басма сөз катчысы Берик Курмангали билдирди.

Акордо телефондук сүйлөшүү украин тараптын демилгеси менен болгонун белгиледи: "Касым-Жомарт Токаев Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуу жана андан ары ырбатпоо үчүн макулдашууга жетишүүнүн маңыздуу экенин айтты".

Владимир Зеленскийдин Twitter’деги билдирүүсүндө Токаев менен "аймактагы коопсуздуктун оор абалы" талкууланганы жазылган. "Гуманитардык маселелерде кызматташууга макулдаштык, Мындан ары байланышта болобуз", - деди Зеленский.

Токаев менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү Орусия Украинага кол салганына жети күн болгондон кийин, ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасынын алдында ишке ашты.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен байланышып, аны Украина менен "мунасага келүүгө" чакырган.

Батыш өлкөлөрү Москванын аракетин сынга алып, кол салуу үчүн катаал санкцияларды киргизишти. Санкция ага коңшу жайгашкан Казакстандын экономикасына да терс таасирин тийгизет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2-марттагы чукул сессиясында Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюция көпчүлүк добуш менен жактырылган. Москвадан Украинага карата согушун тез арада токтотуусун жана Украинанын аймагынан жоокерлерин чыгарып кетүүсүн талап кылган документти жыйынга катышкан 193 өлкөнүн өкүлдөрүнүн 141и колдоду.

Орусия, Беларус, Түндүк Корея, Эритрея, Сирия резолюцияга "каршы" добуш беришти. Армения, Кытай, Конго, Куба, Индия, Ирак, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөр добуш берүүдөн карманышты.

XS
SM
MD
LG