Ссылки доступа

Асфальтка бөлүнгөн 520 млн. сомдун дайыны чыкпай жатканы айтылды


Бишкек шаарынын көчөлөрүнө асфальт төшөөгө бөлүнгөн 520 млн. сомдун кайда сарпталганы белгисиз. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин тармактык комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

2016-2020-жылдары планга кирген 80ден ашык көчөнү асфальттоо толук бүткөн эмес. Учурда "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын Бишкек шаарынын чарбалык департаментине карызы 772 млн. сомду түзөт.

Муниципалдык кызматтын кызматкерлери жол салууга жана ремонттоого акча каражаты бөлүнүп, бирок айрым тилкелеринде иш азыркыга чейин баштала элегин билдиришти.

“80ден ашык көчө жасалган. 772 млн. сомдун 250 млн. сомунун сарпталышы тууралуу гана документтер бар. 520 млн. сом каякка сарпталганы белгисиз. Бирок каражаттын бардыгы уурдалган деп айтууга дагы болбойт. Айрым каражаттар планга кирбеген көчөлөрдү жасоого сарпталган”, - деди “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын директору Талант Солтобаев.

Мэрия 1 миллиард сомго жакын акчанын эсебин таппай жатканы тууралуу "Азаттыктын" журналисти Айбек Бийбосунов "Жолдон жоголгон 934 миллион сом" деген иликтөө жарыялаган. Бюджеттен жоголгон бул каражат жол курулушуна жумшалмак.

Мурдагы мэр Айбек Жунушалиев иликтөөдө аталган сумма дебитордук карыз экенин бышыктап, анын бир бөлүгүнүн эсеби табылганын айткан.

Жунушалиев 9-декабрда Жер Ынтымагы конушунун тургундары менен жолугушууда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, мэриядагы бир нече муниципалдык мекемени «уурулук» кылган деп айыптаган.

Андан мурда ал Бишкекте жол оңдоого бюджеттен каралган акчанын 360 млн. сому уурдалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG