Ссылки доступа

Өзбекстан Украинадагы жарандарын алып келүү үчүн жети аба каттамын уюштурду


Украинадан Польшага жеткирилген өзбекстандыктарды мекенине кайтаруу үчүн жети аба каттамы уюштурулду.

Өзбекстан Транспорт министрлиги билдиргендей, жетинчи каттам Катовице аэропорунан аткарылып, учак Ташкентке 3-март түнү келип конду.

Министрлик бул каттам менен 181 жаран келгенин кабарлады. Ошол эле маалда жалпысынан Польша аркылуу канча өзбестандык мекенине жеткирилгени так айтылган жок.

XS
SM
MD
LG