Ссылки доступа

Украинада Казакстандын 90дой жараны жана 30дай жүк ташуучу унаасы калды


Украинада Казакстандын кеминде 89 жараны жана 30дан ашуун жүк ташуучу унаасы калды. Бул тууралуу 3-февралда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

«Бүгүнкү күндө Катовице (Польша) шаарында 68 Казакстан жараны учак күтүп жатат. Буга чейин чек арадан өткөн бир катар жарандар ЕБ аймагында калууну чечишкен. Мындан тышкары Киевден 57, Львовдон 41 кишини украин-поляк чек арасына жеткирүү уюштурулду», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Расмий маалыматка караганда, эвакуация башталгандан бери 431 казакстандыктын башка өлкөгө чыгып кетишине көмөк көрсөтүлгөн, анын ичинде Польшага – 404 адам, Молдовага – 21 адам, Венгрияга – 5 адам, Словакияга 1 адам кеткен.

Air Astana авиакомпаниясынын эвакуациялык эки каттамы менен Катовице шаарынан 299 киши Казакстанга жеткирилди. Ушул тапта үчүнчү учакты жиберүү маселеси караштырылып жатат.

Согуш башталганга чейин Украина аймагында Казакстанга таандык 55 жүк ташуучу унаа болгон. Алардын 13 орус, 8и Молдова, үчөө Польша чек арасынан өттү. Дагы 31 жүк ташуучу унаа Украина аймагынан чыга албай турат. Буга чейин казакстандык сапармандар казак өкмөтүнөн жардам сурашкан. Алар унааларын таштап, өлкөгө учуп кете албай турганын айтышкан.

Өткөн айда Казакстан ТИМи Украинадагы консулдукта бир жарым миңден ашуун казакстандык туруктуу же убактылуу каттоодо экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG