Темурали Наврузов былтыр апрель айында кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалда жабыркаган. Дарыгердер анын бутун кесишкен, бийлик протез менен камсыздоого убада берген.
“Озоди” радиосу билдиргендей, жаңжал учурунда мина Наврузовдордун үйүнүн жанында жарылган. Анын кесепетинен үй-бүлөнүн беш мүчөсү ар кыл деңгээлде жаракат алган.
Темуралинин атасы Мансуржон Наврузовдун айтымында, уулу бутунан айрылгандан кийин жубайы кант диабетине чалдыкты.
“Бизди кырсык тооруп алды. Көп жылдан бери жер иштетип, үй-бүлөбүздү багып келебиз. Өткөн жылы Темурали жарадар болгондон кийин жер каралбай калды. Азыр болсо акчабыз жок”, - дейт Мансуржон Наврузов.
Бобожон Гафуров районунун төрагасы Давлатбек Зафарзода быйыл февралда журналисттерге протез боюнча Наврузовдон арыз түшкөнүн, жергиликтүү бийлик бул маселени чечүүнүн үстүнөн иштеп жатканын билдирген. Бирок ал протез качан келерин так айткан эмес.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуя болгон. Андагы жаңжалда кыргыз тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка имараттар, автоунаалар өрттөлгөн. Бул эки өлкөнүн эгемендик тарыхындагы эң чоң чек ара жаңжалы болуп калды.