Ссылки доступа

Орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы аяктады


Беларустун Брест облусунда орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы аяктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар жай тургундарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор уюштурууга макулдашты. Бул тууралуу Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк билдирди.

Ошол эле маалда ал Украина жолугушуудан өзү күткөн жыйынтыкка ээ болбогонун белгиледи. Тараптар сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын өткөрүүгө макулдашты.

Сүйлөшүүнүн алдында Киев ок атышууну дароо токтотуу, тынчтык келишимине келүү жана гуманитардык коридорлорду ачуу маселелерин коерун билдирген.

Карапайым жашоочуларды эвакуациялоо зарылдыгын күн мурун Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский да айткан.

Украина менен Орусия делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 28-февралда украин-беларус чек арасында өткөн. Тараптар анда бир пикирге келе алышкан эмес.

XS
SM
MD
LG