Ссылки доступа

Түркиялык журналист Грант Динкти өлтүрүүгө шектүү Бишкекте кармалды


2007-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн түркиялык журналист Грант Динкти өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Кыргызстандын аймагында Түркиянын жараны А.И. жасалма документ менен жүрөт деген маалымат алышкан.

26-февраль күнү Бишкек шаарынын аймагынан Түркия жараны 1984-жылы туулган А.И. кармалган. Анын жанынан М.И. аттуу Түркия жаранына таандык жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылган.

Текшерүү учурунда кармалган чет өлкөлүк жаранга Түркияда издөө жарыяланганы, 2007-жылы Стамбул шаарында журналист Грант Динкти өлтүрүүгө шек саналганы аныкталган.

Кармалган чет өлкөлүк жаран уюшкан кылмыштуу топторго катышуу жана ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү сыяктуу бир нече өзгөчө оор кылмыштарга шектүү катары издөөдө жүргөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 379-беренесинин 2-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран 28-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камалган.

Армян-түрк тилинде чыккан «Агос» гезитинин редактору, 53 жаштагы Грант Динк 2007-жылдын 19-январында Стамбулда чак түштө өлтүрүлгөн. Ал 20-кылымдын башындагы армяндардын массалык кырылышын “геноцид” деп атап келген.

Буга чейин журналисттин өлүмү үчүн 17 жаштагы Огун Самаст кылмышты жасаганын мойнуна алып, 2011-жылы 23 жылга абакка кесилген. Ал эми кылмышка буйрук берген түркиялык улутчул Ясин Халалдын күнөөсү далилденген соң өмүр бою абакка кесилген.

2010-жылы Европадагы Адам укуктары боюнча сот Грант Динктин ой-пикир билдирүү эркиндигин сыйлап, анын өмүрүн сактап калбагандыгы үчүн түрк бийлигин "жооптуу" деп тапкан. Анын үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG