Ссылки доступа

Украинадан Молдовага качып барган өзбекстандыктар азырынча мекенине келе алышпайт


Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадан Молдовага жеткирилген 200дөй өзбек жаранын мекенине кайтаруу маселеси кийинчерээк караларын кабарлады.

"Молдова өз аймагына кирген бардык жарандарга гуманитардык жардам, транспорт, жайгаштыруу, тамак-аш жана башка керектүү көмөк көрсөтүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу Молдовага качып барган өзбекстандыктарды алып келүү иши кийинчерээк каралат.

Министрлик алгач Украинадан Польшага барган өзбекстандыктарга артыкчылык берилерин белгиледи.

2-мартта Өзбекстан ТИМи Украинадан Пльшага жеткирилген өзбек жарандарын алып келүү үчүн атайын жети каттам уюштурулганын маалымдаган.

Видео

XS
SM
MD
LG