Ссылки доступа

Алматыда Орусиянын Украинадагы агрессиясына каршы митинг өттү (видео)


Жекшемби күнү Казакстандын Алматы шаарында Украинадагы согушка жана Орусиянын аскердик агрессиясына каршы митинг өттү.

Украинанын желегин көтөргөн акция катышуучулары "Жашасын, Украина!", "Согушка жол жок!", "Путин, Гаага, түрмө!" - деп кыйкырып, Орусия тез арада Украинадагы аскерлерин чыгарып кетиши керектигин айтышты.

Митингде сөз сүйлөгөндөр "Украина эгемендиги үчүн күрөшүп жатканын" жана "Украинада болуп жаткан окуялар эртең Казакстанда да болуп кетиши мүмкүн экенин" белгилешти. Алардын бири Казакстанды Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) менен Евразия экономикалык уюмунан (ЕАЭБ) чыгууга чакырды.

Митингге чыккандар Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган БУУнун резолюциясына добуш берүүдө Казакстан "макул" деп эмес, "калыс" позицияда болгонун да айыпташты. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2-марттагы чукул сессиясында Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюция көпчүлүк добуш менен жактырылган. Документти жыйынга катышкан 193 өлкөнүн өкүлдөрүнүн 141и колдогон.

Түрдүү маалыматтарга ылайык, акцияга 3 миңден 5 миңге чейин адам катышты.

XS
SM
MD
LG