Ссылки доступа

Өзбекстанда Украинадагы согушту "туура эмес чагылдырган" журналисттер суракка чакырылууда


Өзбекстандын мамлекеттик ЖМКлары Украинадагы согушту дээрлик чагылдарган жок, ошол эле маалда "Орусиянын агрессиясы" тууралуу жазган журналисттер менен блогерлер бийликтин кысымына кабылууда.

"Озодлик" радиосунун маалыматына караганда, өткөн дем алыш күндөрү бир нече журналист менен блогер Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмдөрүнө чакырылып, "Украинадагы окуялар тууралуу макалалардын кесепеттери жөнүндө" эскертүүлөрдү алышкан.

Аты-жөнүн айткысы келбеген блогерлердин бири 28-февралда атайын кызматтын Ташкенттеги бөлүмүнө чакырылып, андан Украинадагы окуяларды "сабырдуу жана нейтралдуу" чагылдырууну талап кылышканын билдирди.

Мындан тышкары өзбекстандык бир нече журналист менен блогер соцтармактар аркылуу атайын кызмат аларды суракка чакырганын кабарлашкан.

"Орустардын Украинага кол салуусу өтө этият чагылдырылышы керек болгон темага айланды. Бул теманы "туура эмес" чагылдырган журналисттер менен блогерлер Улуттук коопсуздук кызматына чакырылып, андагы окуяларды чынында кандай чагылдыруу керектиги боюнча "сунуштамаларды" алып жатышат", – деп жазды "Адилеттик министрлиги" аттуу Telegram-канал.

26-февралда Kun.uz сайтынын эки негизөөчүсү менен башкы редактору атайын кызматка суракка чакырылган. Бул тууралуу басылманын негиздөөчүлөрүнүн бири Умид Шермухаммедов Facebook баракчасына жазып, көп өтпөй билдирүүсүн кайра өчүрүп койгон.

Азырынча Kun.uz сайтынын негиздөөчүлөрү сурак боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бирок "Озодлик" радиосу өз булактарына таянып, сурак маалында басылманын жетекчилери Украинадагы окуяларды чагылдыруу боюнча эскертүү алышканын билдирди. Журналисттер бул тууралуу комментарий алуу үчүн Өзбекстандын президентине караштуу Маалымат жана коммуникациялар агенттиги менен байланыша алышкан эмес.

Ал ортодо айрым өзбекстандык сайттардан Орусиянын Украинага кол салуусу тууралуу макалалар өчүрүлгөнү кабарланууда.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага басып киргенден бери Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да, Тышкы иштер министрлиги да Кремлдин Украинага каршы бул агрессиясы боюнча пикирин билдире элек.

XS
SM
MD
LG