Ссылки доступа

Кыргызстанда Орусиянын миграциялык борборлорун ачуу пландалууда


2022-жылдын жай айларына чейин Кыргызстандын эки шаарында – Бишкекте жана Ошто Орусиянын миграциялык борборлорун түзүү пландалууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев 4-мартта бул маселени Москва облусундагы "Сахарово" көп функционалдуу миграциялык борбордун жетекчилиги менен талкуулады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Алмаз Имангазиев орус тарапка Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердин жарандарына керектүү процедуралардан өтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү өтүнүчү менен кайрылган. Орусиядагы миграциялык борбордун жектекчилиги медициналык текшерүү жүргүзүлчү "М" секторунда шарттарды карап чыгууга даяр экенин айткан.

Жыйынтыгында мекеме Москвада жана облуста жүргөн кыргызстандыктарга саат 13:30дан 17:00гө чейин миграция борборуна барууну сунуштады.

Кыргызстанда миграциялык борбор ачуу сунушун февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвада Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушууда да айткан.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, "Сахароводо" күн сайын 500гө жакын кыргыз жараны тейленет жана күтүү убактысы орточо үчтөн алты саатка чейин болот.

Орусияда мигранттарга киргизилген жаңы талаптардан улам соңку кездери миграция борборунда кезек күткөндөрдүн узун кезеги пайда болду.

Соңку расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын 1 миллион 118 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгектенсе, анын миллиону Орусияда.

XS
SM
MD
LG