Ссылки доступа

Тажикстандын 1300дөн ашык жараны Украинадан Польшага жана Молдовага чыгып кетти


Украинадан Польшага 1178, Молдовага 138 тажикстандык чыгып кетти. Бул тууралуу 5-мартта Тажикстандын Киевдеги элчиси Давлатали Назризода билдирди.

Тажикстандын бийлиги буга чейин Украинадагы жарандары качан жана кандай жол менен мекенине жеткириле турганы боюнча эч кандай маалымат берген эмес. Өз кезегинде тажикстандыктар өкмөттү алар үчүн атайын эвакуациялык каттамдарды уюштурууга чакырып жатышат.

Ал ортодо Польшада жашаган тажик жарандары жүздөгөн мекендешине азык-түлүк жана баш калкалоо жагынан жардам беришкенин билдирүүдө. "Биз Тажикстандын 667 жаранына жардам бердик. Алардын ичинде 118 кичинекей бала жана өспүрүм бар. Польшада такси айдап иштеген тажиктер аларды бекер ташып жатышты", - деди Польшадагы тажикстандыктар түзгөн Саясий туткундарды коргоо боюнча жарандык комитеттин мүчөсү Саидисхок Бобоев.

Тажикстандын Дилафруз аттуу 35 жаштагы жараны Украинанын Херсон шаарынан Польшага качып барган. Анын айтымында, ал бир нече күндөн бери Польшадагы тажикстандыктардын биринин үйүндө жашап жатат.

"Украинада мен кондитердик цехте иштеп, Тажикстандагы үй-бүлөмө жардам берчүмүн. Эми Польшада калып иштесемби деп ойлоп жатам", - деди ал.

Расмий маалыматтарга ылайык, Орусия Украинага кол салганга чейин бул өлкөдө Тажикстандын 4 миң жараны консулдук каттоодо турган.

XS
SM
MD
LG