Ссылки доступа

Украиналык качкындардын саны 1,5 миллионго жетти


Киев облусундагы Ирпень шаарынын тургундарын эвакуациялоо
Киев облусундагы Ирпень шаарынын тургундарын эвакуациялоо

Орусия Украинага каршы согуштук агрессиясын баштаган 10 күндүн ичинде качкындардын саны 1,5 миллионго жетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди билдирди.

Анын айтымында, "бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европада өтө тездик менен өнүгүп жаткан миграциялык кризис болууда".

Украинанын Жогорку Радасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Людмила Денисова "Луганск элдик республикасы" (ЛЭР) деп аталган жикчил аймактын көзөмөлүнө өткөн айрым калктуу конуштарда жергиликтүү тургундар ЛЭРдин паспортторун алууга мажбурланып жатканын билдирди. Анын айтымында, алардан украин паспортторун күч менен тартып алышууда. Азырынча бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн боло элек.

Ал ортодо орус армиясынын блокадасына алынган Мариуполь шаарынан карапайым элди чыгарып кетүү аракети кайрадан ишке ашпай калганы кабарланды. Орусия колдогон жикчилдер менен украин расмийлери гуманитардык коридорго шарт түзө алган жок деп бири-бирин айыпташууда. 400дөй кишини эвакуациялоо жекшембиде түштөн кийин ок атышуу убактылуу токтотулганда башталып, кечки саат 9га чейин уланмак.

Эл аралык "Чек арасыз дарыгерлер" уюму Мариуполдогу гуманитардык абалды апаат деп атады – шаарда суу, электр энергиясы жана жылуулук жок.

XS
SM
MD
LG