Ссылки доступа

Украина делегациясы: Орусия менен Крым жана жикчил аймактар боюнча гана макулдашууга мүмкүн эмес


Украин-орус сүйлөшүүсүнө катышкан Украинанын делегациясы
Украин-орус сүйлөшүүсүнө катышкан Украинанын делегациясы

НАТО жакынкы 5-10 жылдын ичинде Украинаны өз катарына кошуп алуу маселесин талкуулоого даяр эмес, Киев болсо аскердик альянска "кирүү үчүн күрөшпөйт".

Бул тууралуу Жогорку Рададагы "Эл кызматчысы" фракциясынын лидери, орус-украин сүйлөшүүлөрүнө Украинанын делегациясынын курамында катышкан Давид Арахамия Украинанын нейтралдуу аскердик макамы жөнүндөгү Орусиянын талабы боюнча комментарий берип жатып билдирди.

"Орус тарап менен макул болбой турган бир гана маселе — бул Крымды Орусияныкы деп таануу жана "Донецк элдик республикасы" (ДЭР) менен "Луганск элдик республикасы" (ЛЭР) деп аталган жикчил аймактардын эгемендигин таануу", — деп билдирди Арахамия.

Ал мындан тышкары Украинанын жетекчилиги, анын ичинде президент Владимир Зеленский өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу ушактар боюнча комментарий берди.

"Бир нече күн мурда биз сүйлөшүп, акыркы мүнөттөргө чейин Украинада калуу чечимин кабыл алганбыз. Биз курман болсок да символ болуп калабыз, калган украиналыктар кашык каны калганча күрөшөт", —деди Арахамия.

Өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин жекшемби күнү Франциянын лидери Эммануэль Макрон жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондо сүйлөштү. Анда Путин кезектеги жолу "аскердик операцияны" токтотуу үчүн Киев Орусиянын бардык талаптарын аткарып, орус аскерлерине каршы согуштук аракеттерди токтотушу керектигин, болбосо операция аягына чейин чыгарыла турганын айтты.

Орусиянын аскерлери Путиндин буйругу менен Украинага 24-февралда бастырып кирген. Кремль мындай чечимдин кабыл алынышынын себептеринин бири катары "НАТО Украинаны өзүнүн антиорусиялык форпостуна айлантууну каалаганын" атап келет.

Орусия Украинадан НАТОго кирүүдөн баш тартуу, Крымды Орусиянын бөлүгү деп таануу, ошондой эле жикчил "ДЭР" жана "ЛЭР" аймактарынын эгемендигин таануудан тышкары "денацификация" менен "демилитаризацияны" да талап кылууда.

XS
SM
MD
LG