Анын айтымында, эвакуацияланган жарандардын арасында 109 аял, 57 бала жана 12 ымыркай бар.
ТИМдин өкүлү өзбек жарандарын алып келүү үчүн 7-мартта дагы бир каттам аткарыла турганын, учурда Польшада 350дөн ашык өзбекстандык калганын кошумчалады.
Расмий маалыматтарга ылайык, 28-февралдан 7-мартка чейин Украинанын аймагынан Өзбекстандын 4 359 жараны чыгарылып, аларды мекенине жеткирүү үчүн 19 аба каттамы уюштурулду.