Ссылки доступа

Шинжаңдык качкын казак Украинадан ЕБ аймагына өттү


Былтыр Украинанын миграциялык борборунда бир нече ай кармалган шинжаңдык казак Ерсин Еркинулы украин-поляк чек арасынан өткөнүн жана азыр батыш өлкөлөрүнүн бирине жөнөгөнүн билдирди.

Кытай жараны Еркинулы башка качкындар менен бирге чек арадан өткөнүн, алардын арасында чет өлкөлүктөр көп экенин айтты. Анын билдиришинче, Польша аларды ар түрдүү имараттарга, анын ичинде соода борборлоруна жайгаштырып, тамак-аш, кийим-кече жана күнүмдүк керектүү буюмдар менен камсыздоодо.

Украин чек арачылары Еркинулыны 2020-жылы октябрда ал Польша чек арасына документсиз өтүүгө аракет кылган маалда кармашкан. Ал Украинада депортация жайында отурганын маалымдап, Кытайга кайтарылышы ыктымал экенин, ал жакта аны кыйноо жана өлүм күтүп турганын айтып, жардам сураган. Ошол эле жылы декабрда ал эркиндикке чыккан.

2021-жылы августта Словакия чек арачылары Еркинулыны украин-словакия чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган маалда кармап, кайрадан Украинага жөнөтүшкөн. Ал Львовдогу миграциялык борбордо кармалып турган.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү лагерлерде негизсиз кармалып тургандыгы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай жергиликтүү элдин укугу бузулганын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG