Ссылки доступа

Тажикстан Өзбекстан менен чек арасын 15-мартта толук ачат


Тажикстан Өзбекстан менен чек арасын 15-мартта толугу менен ачарын "Озоди" радиосу кабарлады. Чек ара 2020-жылдын апрелинен бери COVID-19 пандемиясына байланыштуу жабык турган. Ошондон бери транзит жүктү тарткан оор машинелер гана өтө алчу.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб 7-мартта билдиргендей, чек арадагы текшерүү-өткөрүү пункттары “кадимкидей режимде” иштей баштады. Тажикстанга кирүү эрежелери да жеңилдетилди. Мисалы тажик жарандары жана чет өлкөлүктөр COVID-19га каршы толук эмделгени тууралуу сертификат менен, тест тапшырбастан кире алат. Өлкөгө кирүүдөн 72 саат мурун алынган анализи таза чыккандар да коронавируска текшерилбейт.

Штаб чек араны ачуу чечими Тажикстандагы эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырганына байланыштуу жана Өзбекстан менен алакаларды андан ары бекемдөө максатында кабыл алынганын белгиледи.

Эки өлкө ортосунда 16 чек ара пункту иштейт.

Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы былтыркы апрелдеги жаңжалдан кийин расмий жабык бойдон турат. Кээ бир катмардагы жарандар үчүн гана эки тараптын макулдашуусу менен каттоого уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG