Ссылки доступа

Тажикстанда беткап режими жоюлуп, той өткөрүүгө уруксат берилди


Тажикстанда жарандардын коомдук жайларда милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынып жүрүү эрежеси жоюлду. Мындан ары үйлөнүү үлпөт тойлору жана башка салтанаттар “коронавирустук” чектөөлөрсүз өткөрүлөт.

Республикалык коронавируска каршы күрөшүү штабы аталган чечимди өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташканын эске алуу менен кабыл алды.

Маараке-той өткөрүүгө 2020-жылы июлда – COVID-19 пандемиясы күчөп жаткан маалда чектөө киргизилген: үлпөт тойду 40ка чейинки адамдын катышуусунда гана өткөрүүгө уруксат берилген.

Эми салт-санаа, ырымдарды жөнгө салуу мыйзамына ылайык, 200 кишинин катышуусунда той өткөрүүгө болот.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктурган 23 жаңы учур тууралуу акыркы жолу быйыл январда маалымат берген. Ушул тапта өлкөдө сасык тумоо жүрүп жатат, бирок оору жеңил жана тез өтүүдө.

Расмий маалымат боюнча пандемия башталгандан бери Тажикстанда 17 миң киши коронавирус жуктуруп, 124 адам өлдү. Эксперттер Саламаттык сактоо министрлигинин бул статистикасына анча ынана беришпейт.

XS
SM
MD
LG