Ссылки доступа

Алматыда аялдарды саясатка катыштырууну талап кылган митинг өттү (видео)


8-мартта Алматыда Чокан Валихановдун эстелигинин алдында миңдей киши чогулуп, аялдар укугун коргоого, алардын саясаттагы ордун камсыздоого чакырган митинг өттү.

Жыйындын катышуучуларынын көбү – жаштар жана кыз-келиндер. Митингге калаа акимчилиги уруксат берген.

Акцияда сөз сүйлөгөндөр аялдардын пенсия курагын төмөндөтүп, 58 жашка түшүрүүнү, аялдарга зордук-зомбулук жасоону токтотууну, аялдарды мамлекеттик башкаруу ишине аралаштырууну талап кылышты.

Катышуучулар “Эркиндик, теңдик”, “Коом аялдар менен эсептешүүгө тийиш”, “Аял баштаган көч алга”, “Саясат – аялдын иши”, “Казакстанды феминизм куткарат” деген ураандарды чакырышты. Митингди полиция көзөмөлдөп турду.

Алматыда мындай жыйын жыл сайын 8-мартта болот. Аялдардын эл аралык күнүндө "Феминита", "КазФем", "SVET", "ФемАгора", "ФемСреда" коомдук уюмдардын активисттери гендердик теңдикке үндөгөн жүрүшкө чыгышты. Бул феминисттердин бийликтин макулдугу менен өткөргөн алгачкы акциясы болуп калды.

XS
SM
MD
LG