Ссылки доступа

Казакстан Украинага гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр


Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен телефондо сүйлөшүп, Казакстан Украинага дары-дармек жана башка гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин айтты. Бул тууралуу Акордо билдирди.

"Казакстан Украина жарандарына дары-дармек жана башка керектүү азык-түлүк жагынан гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр. Ушул тапта аларды белгиленген жерге транспорт менен жеткирүү маселеси каралып жатат", – деп айтылат маалыматта.

Токаев Штайнмайэр менен сүйлөшүү учурунда Украинадагы абалды дипломатиялык жол менен чечүүгө кайрадан чакырды.

Касым-Жомарт Токаев бардык мамлекеттер БУУнун Уставынын нормаларын жана принциптерин сакташы керек деп эсептейт. Президент украин кризиси өтө татаал экенин, ага карабай жаңжалды тынч жол менен чечүүнүн жаңы дипломатиялык жолдорун издөө зарыл экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG