Ссылки доступа

БУУ: украиналык качкындардын саны эки миллионго жетти


Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинага басып киргенден бери өлкөдөн чыгып кеткен качкындардын саны эки миллионго жетти. Бул тууралуу 8-мартта БУУнун качкындар иши боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди маалымдады.

Уюм Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан бери мынчалык ылдамдыктагы каатчылык болгон эмес деп ырастоодо.

Украинада согуш башталганына эки жума боло элек. Бул аралыкта 900дөй украин жараны Польшага, 150 миңдейи Венгрияга башпаанек издеп барды. Евробиримдик өз аймагында 6,5 миллионго чейин качкынды кабыл алууга даяр.

Мамлекеттик чек ара кызматы бир суткада эле украин чек арасынын батыш тилкесинен 131 миң киши чыгып кеткенин кабарлады.

"Кишилер качпай же үйлөрүнө кайтуусу үчүн атышуу токтошу керек, элдешүү керек. Бирок азыр алардын баары коркуп калган", - деди Гранди "Ал-Жазира" телеканалына берген маегинде.

Миграциялык кризис маалында “Свобода” радиосу “Гуманитардык коридор” подкастын баштады. Анда украин качкындары башынан өткөргөн окуяларын айтып беришүүдө.

XS
SM
MD
LG