Ссылки доступа

Алматыда январь окуялары боюнча 41 сот өкүмү чыкты


Алматыда январь окуяларына байланыштуу сотко түшкөн 82 кылмыш ишинин жарымы боюнча өкүм чыкты. Алардын негизги бөлүгү "уурулук" беренеси менен каралууда.

Кеп соода борборлорундагы товарларды уурдоо жөнүндө болуп жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына Алматы шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Соттор өкүм чыгарар алдында күнөөнү моюнга алуу, өкүнүү жана материалдык зыянды өз ыктыяры менен төлөп берүү сыяктуу жагдайларды эске алган. Өкүмдөрдө көбүнчө эки жылдан төрт жылга чейин пробациялык көзөмөлдүн негизинде эркин чектөө жазасы колдонулган. Мындан тышкары соттологондордун айрымдарына коомдук жумуштарга тартуу жазасы чегерилген.

– Жарандар негизинен соода борборлорунан техника, телефон, ноутбук уурдашкан. Алардын көбү жумушсуз жаштар, Алматы облусунун тургундары жана шаардын четинде жашагандар, - деди шаардык соттун басма сөз катчысы Абай Жарылкасын.

Бүгүнкү күнгө карата курал-жарак сактаган кампадан курал уурдоо же тартып алуу айыбы менен эки киши соттолду.

Шаардык соттун басма сөз кызматы азырынча "жапырт башаламандыктарга катышуу" жана "кыйноо" беренелери боюнча сотко кылмыш иши түшө элек экенин да белгиледи.

Буга чейин Башкы прокуратура Казакстанда январь окуялары боюнча 62 кишиге өкүм чыкканын кабарлаган. Атайын прокурорлор кызматынын башчысы Ризабек Ожаров канча өкүм чыкканын, кандай жаза берилгенин так айткан эмес. Мекеменин 2-марттагы маалыматы боюнча сотко 162 айыпталуучунун үстүнөн козголгон 101 кылмыш иши жөнөтүлгөн.

Өткөн айдын аягында Казакстандын Башкы прокуратурасы тергөө учурунда күч колдонуу айыбы менен тогуз кызматкер кармалганын маалымдаган. Кийинчерээк Талдыкорганда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин эстелигин бузганы үчүн камалган Азамат Батырбаевге кыйноо колдонууга шектелген адам кармалганы белгилүү болгон.

Январь окуялары учурунда миңдеген киши кармалып, жүздөгөн адам терроризм, жапырт башаламандык, курал-жарак уурдоо шеги менен камалган. Кийин алардын көбү тергөө абагында кыйноого кабылганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG