Ссылки доступа

БУУ Тоолуу Бадахшандагы абал үчүн тажик бийлигин сындады


БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши тажик бийлигин Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда "саясий жактан башкача ой жүгүрткөндөрдү кысымга алуу тажрыйбасынын уланышы" жана "коркуу атмосферасынын түзүлүшү" үчүн сындады.

БУУнун Жогорку комиссары Мишель Бачелет кеңештин 7-мартта өткөн 49-сессиясында тажик оппозициясынын басымдуу бөлүгү эл аралык стандарттарга туура келбеген сот жараяндарында узак мөөнөткө түрмөгө кесилгенин билдирди.

Тажикстандын бийлиги Бачелеттин билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек, бирок мурда саясий оппоненттердин кармалганын четке кагып, сот өкүмдөрү адилеттүү жана калыс болгонун белгилеп келген.

"Мен Тоолуу-Бадахшан облусунда Интернеттин өчүрүлүшүнө өкүнүп жатам. Мындай ыкма адам укуктарын одоно бузуу болуп эсептелет", -деди Бачелет.

Хорог жана анын тегерегинде жашагандар былтыр ноябрдан бери Интернетке кире албай калышкан. Тажикстандын Байланыш кызматынын жетекчилиги мунун себеби боюнча так жооп бере элек.

Былтыр ноябрда Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна караштуу Рошткалин районунун тургуну Гулбиддин Зиёбеков атайын операция учурунда өлтүрүлгөндөн кийин аймакта кырдаал курчуп кеткен. Хорогдо анын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган нааразылык акциялар өткөн.

Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү ноябрь окуяларын азыркыга чейин иликтеп жатканын айтууда. Бирок жашоочуларды Интернеттин жоктугу, кысымдын күчөшү, ири сандагы аскерлердин топтолушу жана алдыда дагы атайын операция өтүшү мүмкүн деген кептер кооптондурууда.

XS
SM
MD
LG