Өткөн жума күнү Казакстандын фондулук биржасындагы (KASE) соодалашуунун жыйынтыгында 1 АКШ доллары 504 теңгени түзсө, 9-мартта ал 510 теңгеге жетти.
Буга чейин Казакстандын Улуттук банкы KASE менен биргеликте теңге-доллар валюталык жубу боюнча соодалашуунун регламентин өзгөртүү чечимин кабыл алганын жарыялаган. "Теңге-доллар валюталык жубу боюнча соодалашуу 9-мартта Нур-Султан убактысы боюнча 15:00до ачылып, франкфурт аукционунун форматында өтөт. Мындай чечим сырткы факторлордун басымынын фонунда валюта базарындагы туруксуздукка жол бербөө максатында кабыл алынды", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Украинадагы согуштан улам орус экономикасы басымга учурап, анын кеспетинен казак теңгесинин куну да төмөндөп жатат.
Февралдын аягында Казакстандын Улуттук банкы теңге курсун колдоо үчүн валюта базарына 137 миллион доллар сатса, 1-марттан 5-мартка чейин 534,3 миллион долларга интервенция жасады.