Ссылки доступа

Душанбе-Чанак автоунаа жолуна кар көчкүсү түштү (видео)


Душанбе-Чанак автоунаа жолу, 9-март 2022-жыл
Душанбе-Чанак автоунаа жолу, 9-март 2022-жыл

Кар көчкүдөн улам Тажикстандын түндүк бөлүгүн өлкөнүн борбор шаары менен байланыштырып турган Душанбе-Чанак автоунаа жолу убактылуу жабылды.

Аталган жолду тейлеген Innovative Road Solutions (IRS) компаниясынын өкүлчүлүгү трассаны кардан тазалоо иштери уланып жатканын кабарлады.

"Душанбе-Чанак жолунун 48-чакырымына түшкөн кар көчкүсү Варзоб дарыясынын нугун тосуп калган. Кырсыктан каза болгондор жана жаракат алгандар жок. Учурда Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери менен IRS компаниясынын атайын техникалары жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди улантып жатышат", - деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

На автодороге Душанбе-Худжанд сошла лавина
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

Ал ортодо Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети өлкөнүн тоолуу аймактарындагы башка автоунаа жолдорунда да кар көчкүсү түшүү ыктымалдыгы жогору бойдон калып жатканын эскертти.

1-январдан тартып IRS компаниясы тейлеген Душанбе-Хожент-Чанак автоунаа жолу аркылуу жүрүүнүн тарифтери өзгөргөн. Буга сомонинин АКШ долларына карата 2,5 эсеге девальвацияланышы себеп болгону айтылган. Бүгүнкү күндө бул жол аркылуу Душанбеден Чанакка чейин баруунун акысы жеңил автоунаалар үчүн 89 сомонини, жүк ташыган автоунаалар менен чиркегичи бар унаалар үчүн 693 сомонини түзөт. Ошол эле маалда аталган трассага жакын жашаган тургундар үчүн 50-93 пайыздык жеңилдиктер каралган.

Innovative Road Solutions (IRS) компаниясы 2009-жылы Британ-Виргин аралдарында офшордо каттоодон өткөн. Анын Тажикстандагы өкүлчүлүгү 2010-жылдын апрель айынан бери Душанбе-Чанак автожолундагы инфраструктураны башкаруу менен алектенип келет.

XS
SM
MD
LG