Ссылки доступа

Тажикстанда доллар курсунун жогорулашынан улам азык-түлүк кымбаттап жатат


Тажикстанда доллар курсунун жогорулашы азык-түлүк бааларына таасир этип, ун, өсүмдүк майы жана кумшекер кескин кымбаттады.

Душанбелик Фирдавс Гафуров аттуу соодагер акыркы күндөрү алар товарларды кыйла жогорку баада сатып алууга аргасыз болуп жатышканын билдирди. "Азыр 50 килограммдык бир кап унду дүңүнөн 275 сомониден алып, 280 сомониге сатып жатабыз. Буга чейин 265-266 сомониден алып, 270тен сатып келгенбиз. Акыркы күндөрү өсүмдүк майы менен кумшекер да кымбаттап кетти. Доллардын кымбатташынан улам эми чет өлкөдөн келген башка товарлардын баасы да жогорулашы мүмкүн. Анын ичинде Казакстандын буудайы менен уну да бар", - деди ал.

"Озоди" радиосунун Душанбедеги базарлардын бирине барып келген кабарчыларынын айтымында, акыркы күндөрү 50 килограммдык бир кап ундун баасы 10 сомониге, 1 литр өсүмдүк майыныкы 1 сомониге жана 1 килограмм кумшекердин баасы 2 сомониге кымбаттаган.

9-мартта Тажикстандын Улуттук банкы валюталардын жаңы курсун жарыялап, 100 АКШ долларын 1300 сомониге баалаган. Бул 8-марттагы курска салыштырмалуу 170 сомониге көп. Эксперттердин пикиринде, сомонинин кескин түшүп кетишине Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга салган санкциялары себеп болууда.

9-мартта Тажикстанда орус рубли расмий түрдө бир аз кымбаттап 99,5 сомони 1000 рублди түздү. Күн мурун 1000 рубль 91 сомониге барабар болчу. Украинадагы кризиске чейин тажик банктарында 1000 рубль 150 сомониге сатылып жаткан.

Азырынча Тажикстандын Улуттук банкы чет өлкөлүк валютанынын курсунун көтөрүлүшү боюнча комментарий бере элек.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG