Ссылки доступа

Нурсултан Назарбаев Дипломатиялык форумга катышуу үчүн Анталияга барды


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Түркиянын лидери Режеп Эрдогандын чакыруусу менен Дипломатиялык форумга катышуу үчүн 9-мартта Анталияга барды. Бул тууралуу экс-президенттин басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди.

Ал Twitter'деги баракчасына Нурсултан Назарбаев учактан түшүп жаткан учуру тартылган сүрөттү жарыялады.

Бүгүн, 10-мартта Анталияда Украинанын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Дмитрий Кулеба менен Сергей Лавров жолугушат деп күтүлүүдө. Буга чейин бул жолугушууну уюштуруу демилгеси түрк лидерине таандык экени айтылган.

Апта башында украин министри сүйлөшүү "маңыздуу" болсо орусиялык кесиптеши менен жолугууга даяр экенин билдирген. Бул Украинада согуш башталгандан бери орус жана украин тараптын расмий кызмат адамдарынын мындай масштабдагы алгачкы жолугушуусу болот. Буга чейин эки өлкөнүн атайын делегациялары Беларуста үч жолу жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Бул Нурсултан Назарбаев январь окуяларынан бир жума өткөндөн кийин видео кайрылуу жасап, "2019-жылдан бери пенсионер экенин, бийликтин баары Касым-Жомарт Токаевдин колунда экенин" жарыялагандан берки алгачкы чет өлкөлүк расмий сапары.

Январдын башында суюлтулган газдын кымбатташынан улам башталган Маңгыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарындагы нааразылык акциялар тез эле Казакстандын башка аймактарына жайылып, Алматы шаарында кан төгүүлөр менен коштолгон. Бийлик ал окуяларда 227 киши каза болгонун, алардын арасында 19 күч түзүм кызматкери бар экенин расмий билдирген.

Январь окуяларынан кийин экс-президенттин жакын туугандары менен үзөңгүлөштөрү кызматтарынан алынып, Назарбаев өзү Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөө укугунан ажыратылган.

XS
SM
MD
LG