Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылы Өзбекстандын тышкы карызы 2020-жылга салыштырганда 12,7% көбөйүп, ички дүң өнүмдүн 60,1% түзгөн.
Министрликтин баяндамасында 2021-жылы өлкөнүн номиналдуу ички дүң өнүмү 734,6 трлн. сумга же 69,2 млрд. долларга жете турганы көрсөтүлгөн.
Өткөн жылы Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 2020-жылга салыштырганда 16% көбөйүп, 42,1 млрд. долларды түзгөн. Ошол эле маалда экспорт көлөмү 10% көбөйүп, 16,6 млрд. доллар болсо, импорт 20,4% көбөйүп, 25,5 млрд. долларга жеткен. Мындан тышкары экономикалык активдүүлүктүн жогорулашынын натыйжасында, ошондой эле товарлардын ички жана тышкы бааларынын өзгөрүшүнөн улам 2021-жылы тышкы сооданын терс сальдосу 46,3% көбөйүп, 8,9 млрд. долларды түзгөн.
Дүйнөлүк банктын божомолуна ылайык, 2022-жылы Өзбекстандын экономикасы 5,6%, 2023-жылы 5,8% өсөт деп күтүлүүдө.