Ссылки доступа

Казакстандын батышында январь окуялары боюнча камалгандар ачкачылык жарыялашты (видео)


Атырау шаарында январь окуяларына байланыштуу камакка алынган 8 шектүү ачкачылык жарыялады. 9-мартта алардын туугандары абактын алдына чогулуп, жакындарын көрсөтүүнү таап кылышты.

Окуя болгон жерге барган "Ак Жайык" маалымат агенттигинин кабарчысы түрмөнүн ичиндеги кишилер кыйкырып, кара жана кызыл чүпүрөктөр менен кол булгалаганын жазды.

Адам укуктарын сактоо бюросунун Алматы облусу боюнча бөлүмүнүн директорунун милдетин аткаруучу Дария Улжагалиеванын айтымында, камактагыларды ачкачылык акциясы уланып жатат. Ал 9-март күнү кечинде тергөө изоляторуна кирип чыккан. Жапырт башаламандыкка катышууга жана бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга шектелген адамдар алардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылууда. Абактагылар кармалгандан кийин кыйноого кабылганын айтып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну өтүнүп жатышат.

- Мен өткөн түнү кирип чыктым, балдардын баары менен сүйлөштүм. Мурда абактан төрт кишини кое беришкен экен. Калгандары да үй камагына которууну суранып жатышат. 9-мартта алар түрмөнүн жетекчилигине ачкачылык жарыялай турганы жөнүндө расмий арыз жазышкан, - деди Улжагалиева.

Ал абактагылардын денелерин карап чыкканын, эч кандай жаракат байкабаганын белгиледи.

Укук коргоочунун билдиришинче, бир киши кургак ачкачылык жарыялаган, калгандары тамак-аштан баш тартып, суу гана ичүүдө. Тергөө изоляторунда январь окуясына байланыштуу кармалган жалпысынан 20 киши отурат.

Тергөө абагынын жетекчилиги ачкачылык башталганын ырастады.

Январь окуялары учурунда миңдеген киши кармалып, жүздөгөн адам терроризм, жапырт башаламандык, курал-жарак уурдоо шеги менен камакка алынган. Кийин алардын көбү тергөө абагында кыйноого кабылганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG