Ссылки доступа

Орусия Украинада жоокерлери туткунга түшкөнүн моюнга алды


Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согушка милдеттүү аскердик кызмат өтөп жаткан жоокерлер тартылганын моюнга алып, алардын айрымдары туткунга түшүп калганын билдирди.

Мекеменин расмий өкүлү Игорь Конашенковдун айтымында, бүгүнкү күнгө карата милдеттүү кызматтагы аскер кызматкерлеринин "дээрлик баары" Украинанын аймагынан чыгарылды.

Буга чейин Орусиянын расмий кызмат адамдары, анын ичинде президент Владимир Путин согуштук аракеттерге куралдуу күчтөргө келишимдик негизде келген аскер кызматкерлери гана катышып жатканын айтып келишкен.

Конашенков министрлик учурда туткунга түшкөн аскерлерди бошотуу жана милдеттүү кызмат өтөгөн жоокерлерди согушка тартпоо үчүн чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Украинада согуш башталгандан кийин Жоокерлер энелеринин комитети кошуна өлкө менен чек арага армияга чакырылган жаш аскерлер жөнөтүлгөнүн, айрымдарына күч менен келишимге кол койдуруп алышканын билдирген.

Украин тарап туткунга түшкөн орус аскерлеринин видеолорун таратууда. Анда жоокерлер аларга чыныгы согушка катышары тууралуу эскертилбегенин айтып жатышат. Азырынча алар бул көрсөтмөлөрдү өз каалоосу менен же басым алдында бергенин аныктоо мүмкүн эмес болууда.

Орусия дале болсо бул согуштагы жоготуулары тууралуу маалымат бербей келет. Акыркы жолу өткөн жумада Украинада 498 орус жоокери курман болгонун билдирген.

Өз кезегинде украин тарап Орусия 12 миңден ашык аскерин жоготконун билдирүүдө. Ошол эле маалда алардын канчасы өлүп, жаракат алып же туткунга түшкөнү боюнча так маалымат жок.

7-марта Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко орусиялык 2 миң аскер туткунга алынганын айткан. Бирок бул маалыматты көз каранды эмес булактар тарабынан ырастоо мүмкүн эмес. Адатта согуш маалында касташкан тараптар өз жоготууларын азайтып, каршылаштарыныкын көбөйтүп беришет.

XS
SM
MD
LG