Асановдун кайрылуусу “Россия 24” каналындагы “Роберт Францев менен Азия борборунда” аталышындагы берүүдөн кийин жарыяланды. Анда өзбек ЖМКлары Украинадагы согушту чагылдырууда Киевди жактоого айыпталган.
Берүүнүн автору Роберт Францев өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, “улут аралык ажырымды козуткан” ЖМКларга чара көрүүнү талап кылган.
Өзбекстанда расмий басылмалар азыркыга чейин Украинадагы согушту чагылдырыша элек. Бул темага токтолгон көз карандысыз ЖМКлар Өзбекстан президентинин администрациясынын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинен эскертүү алышкан.
Элдор Асановдун билдирүүсүндө Кремль Украинадагы “аскердик агрессияны” айыптаган өзбек басылмаларын көзөмөлдөөгө аракет кылып жатканы айтылган.
Азырынча Ташкент да, ЖМКларды көзөмөлдөгөн агенттик да “Россия 24” каналында чыккан берүү боюнча расмий билдирүү жасай элек.
Орусия Украинага чабуул жасаган алгачкы күндөрү бир катар блогерлер Өзбекстандагы Кремлди жактаган каналдарды жабууга үндөшкөн. Бирок Маалымат жана массалык коммуникация агенттиги буга комментарий берген эмес.