Ссылки доступа

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы окуя боюнча өз иликтөөсүн жүргүзөт (видео)


Таджикистан и Кыргызстан проведут собственные расследования инцидента на границе
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя боюнча эки тараптын чек арачыларынын сүйлөшүүсү аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусу менен Тажикстандын Согд облусунун чек ара кызматкерлери сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечимге келишкен:

- Ар бир тарап курал колдонулган окуя боюнча иликтөө жүргүзөт. Алдын ала жыйынтык эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчыларынын 12-мартка пландалган жолугушуусунда айтылат.

- Ар бир тарап чек арага жакын аймактагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чек арачылар тарабынан кыргыз-тажик чек арасындагы чекти сактоо маселеси каралган. Эки өлкөнүн чек арачылары аскердик техникасын окуя болгон жерден кайра ордуна кайтарууну макулдашкан.

10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып, буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан.

Тажик чек арачыларына башка да аскерлер жардамга келгени, натыйжада алар көбөйүп, жаңы чектен өтүүгө аракет кылганы, бирок кыргыз тарап андайга жол бербегени айтылды.

Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, атышуу 10 мүнөттөй уланган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.

"Азаттыктын" тажик кызматы өз булактарына таянуу менен ок атышууда чек арачы каза таап, дагы бир киши жабыр тартканын жазды.

Кыргыз тарап Тескей деген жер чек аранын тактала элек тилкесине кирерин, бирок ал жакты кыргыз жарандары пайдаланып келгенин билдирди.

Тажикстандын расмий органдары бүгүнкү окуя тууралуу маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG