Ссылки доступа

Казакстан: Орусияга салынган санкция Казакстан мунайына таасирин тийгизбейт


Казакстан энергетика министри Болот Акчолоков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусияга салынган санкция Казакстан мунайына таасирин тийгизбей турганын айтты.

"Учурда Казакстан мунайына эч кандай санкция салынган жок. Орусия аркылуу мунай ташууга да санкция жок. АКШ кече Орусия мунайын сатып алуудан баш тартты, бирок бул жагдайда Казакстан үчүн эң башкысы – штаттык режимде ишин уланта берүү "- деди министр.

Анын айтымында, быйыл Казакстан мунай экспортун азайтпайт, жыл бою 87,5 миллион тонна мунай өндүрүү пландалууда.

Министр Казакстан мунайын экспорттоо үчүн “башка каттамдар да каралып жатканын” айтып, вариант катары Кытай менен Европаны атады.

“Азырынча санкция салынган жок, ошондуктан мунайдын белгилүү бир көлөмүн башка куур аркылуу жөнөтүү планыбыз жок. Кадимки режимде иштеп, мунайды “Каспий куур түйүнү консорциуму” аркылуу Атырау-Самара аркылуу жибере беребиз”, – деди ал.

“Каспий куур түйүнү консорциуму” аркылуу дүйнөлүк рынокко суткасына 1,2 миллион баррель мунай чыгарылат, бул дүйнөлүк жеткирүүнүн 1,2 пайызын түзөт. Казакстандан чыккан мунайды Chevron, Exxon Mobil, Eni жана Shell компаниялары өндүрөт.

Кийинки күндөрү “Каспий куур түйүнү консорциуму” Орусия санкциясынан зыянга учурай баштады. Себеби сатып алуучулар бул түйүн аркылуу өткөн мунай Орусия мунайы менен аралашып кетиши мүмкүн экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG