Ссылки доступа

Украинанын вице-премьери гуманитардык коридорлор боюнча иштин алгачкы жыйынтыгын чыгарды


Украина өкмөтүнүн вице-премьери Ирина Верещук

Украина өкмөтүнүн вице-премьери Ирина Верещук гуманитардык коридорлор боюнча иштердин алгачкы жыйынтыгын чыгарды.

Анын маалыматына караганда, эки күндө Сумы, Тростянца жана Краснополья шаарларынан 60 миндей киши Полтаваны көздөй жөнөтүлдү. Харьков облусундагы Изюм шаарынан үч миңдей киши чыгып кетти. Киев облусундагы шаарлардан 9-мартта 20 миңдей киши эвакуацияланды.

Мындан тышкары Энергодар менен Изюмга 200 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.

Бул арада Мариуполь гуманитардык катастрофа алдында турат. Ал жакка азык-түлүк, дары-дармек жеткирүүгө мүмкүн болбой жатат, жашоочулар да шаардан чыга албай калышты.

Киев облусундагы Ворзель шаарчасында да гуманитардык коридор уюштурууда көйгөйлөр жаралууда.

БУУнун 10-марттагы эсеби боюнча Украинадагы аскердик кол салуудан улам 2,3 миллион киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду, алардын дээрлик жарымы – балдар. Согуш башталгандан бери 516 жай тургун өлдү.

Орусия менен Украинанын беларус аймагындагы сүйлөшүүлөрүнүн башкы темасы жай тургундарды эвакуациялоо, дары-дармек жеткирүү үчүн гуманитардык коридор уюштуруу болгон. Тараптар бир-бирин тынчтык режимин жана макулдашууларды бузууга айыптап жатышат.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG