Ссылки доступа

Кыргыз-тажик чек арасында түндө дагы ок атышуу болду


11-мартка караган түнү саат 2:50 чамасында кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачыларынын кезектеги ок атышуусу орун алды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Эки-Таш аймагындагы Баткен-Исфана авто жолунун боюнда Тажикстандын чек ара кезмети жолдон өткөн автоунааларды ташбараңга алган.

"Кыргызстандын чек арачыларынын автоунааларга таш ыргытпоо талабын тажик чек арачылары тоготкон эмес. Ал эми кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында эскертүү иретинде асманга ок аткан. Ошол эле учурда аталган аймакта кызматын өтөп жаткан Тажикстандын башка чек ара кезмети кыргыз чек арачылары жайгашкан байкоо мунарасын көздөй ок аткан", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда 20 минутага созулган ок атышуу орун алып, 03:10до токтогон. Кыргыз тараптан жарадар жана жараат алгандар болгон жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, чыр-чатак орун алган жерде жолугушууну пландашкан.

Окуя тууралуу тажик тарап расмий маалымат бере элек.

10-мартта дагы кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталган. Бул окуя боюнча эки тараптын чек арачыларынын сүйлөшүүсү аяктап, иликтөө жүргүзүүнү макулдашкан.

XS
SM
MD
LG