Ссылки доступа

Cotton Campaign: өзбек пахтасына жарыяланган глобалдык бойкот алынды


Cotton Campaign коалициясы өзбек пахтасынан 30 жыл мурда киргизиле баштаган глобалдык бойкот алынганын жарыялады.

Уюмдун сайтындагы маалыматка караганда, мындай чечим 2021-жылкы пахта түшүмүн жыйноо маалында жарандарды системалуу түрдө мажбурлап иштетүү көрүнүштөрү тыйылганы айтылган "Адам укуктары боюнча өзбек форумунун" баяндамасын эске алуу менен кабыл алынды.

2009-жылы Cotton Campaign Өзбекстандын пахта талааларында балдар менен жарандар мажбурланып иштеп жатканын билдирип, дүйнө коомчулугун өзбек пахтасына бойкот жарыялоого чакырган.

Анда дүйнөдөгү 331 бренд, анын ичинде Adidas, Zara, C&A, Gap Inc., H&M, Levi Strauss & Co., Tesco жана Walmart бул чакырыкты колдошкон.

Видео

XS
SM
MD
LG