Ссылки доступа

Тажикстанда ун кымбаттап, айрым дүкөндөр сатууну убактылуу токтотушту


Тажикстанда ун кымбаттап, 50 килограммдык бир каптын баасы 270-280 сомониден 290-325 сомониге чейин (30 доллар) жогорулады.

Душанбедеги "Саховат" базарына барган "Озодинин" кабарчылары баалардын жогорулаганына карабастан, соодагерлердин көбү ун сатууну убактылуу токтотуп коюшканына күбө болушту. Мындан улам ун сатылып жаткан дүкөндөрдүн алдында шаар тургундарынын кезеги жаралган.

"Сатууну токтоткон дүкөндөр ун жок калганын билдирип жатышат. Бул жерде дайыма кап-кап ун турчу, азыр жок. Жаңы эле базарды кыдырып келдим, дүкөндөрдүн көбү жабык турат. Эми унду кайдан сатып алабыз? 800 сомони айлык менен күн сайын нан сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок", — деди шаар тургундарынын бири.

Кабарчылардын айтымында, учурду Душанбе базарларындагы жарманкелерде 50 килограммдык бир кап ун 290 сомониден, дүкөндөрдө 325 сомониден сатылууда.

Ун кымбаттаганын шаардагы базарлардын жооптуу кызматкерлери да ырасташты. Алар кампаларда ундун жетиштүү запасы бар экенин айтып, абал бир нече күндүн ичинде калыбына келерин билдирүүдө. "Ундун запасы жетиштүү. Биздин кампада 300 тоннадан ашык ун бар. Жарандар сатып алууга шашылбай турганы жакшы", — деди "Дехкон" базарынын директору Мастон Шарифов.

Соодагерлердин көбү ундун кымбатташын доллар курсунун кескин жогорулап кеткени менен байланыштырып жатышат. Холмухаммад Ортиков аттуу сатуучу ишкерлер унду Казакстандан доллар менен алып, Тажикстанда сомони менен саткандыктан, баалар жогорулаганын билдирди.

Тажикстанда доллар 9-мартта кескин кымбаттап, банктар 100 долларды 1300 сомониге алмаштырып жатышат. Мындан улам өлкөдө ундан тышкары кумшекер, өсүмдүк майы сыяктуу азык-түлүктөрдүн баасы да кескин жогоруп кетти.

XS
SM
MD
LG