Ссылки доступа

Өзбекстандын коммерциялык банктарында 1 АКШ доллары 11 000 сумдан сатылууда


Өзбекстандын айрым коммерциялык банктарында 1 АКШ доллары 11 000 сумдан сатылууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

11-мартта "Хамкорбанкта" 1 АКШ доллары 11 000 сумдан сатылса, "Davrbank", "Ipak yo‘li bank" жана "Микрокредитбанк" 11 010 сумдан сатып жатышты.

Бул өзбекстанда АКШ долларынын алмаштыруу курсу 11 000 сумдан ашкан алгачкы учур болуп калды.

Буга чейин талдоочулар Москвага салынган санкциялар жана андан кийинки рублдин кунунун түшүшү Орусия менен тыгыз экономикалык мамилеси бар өлкөлөрдүн, анын ичинде Өзбекстандын валютасына терс таасир этиши мүмкүн экенин билдиришкен.

Өзбекстандын Борбордук банкы 11-мартка карата белгилеген расмий курска ылайык, 1 АКШ доллары 10957,36 сумга барабар.

XS
SM
MD
LG