Ссылки доступа

Казакстанда Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыулы коррупцияга шектелип кармалды (видео)


"Казактелеком" акционердик коомунун каражатын кымыруу жана кызмат абалын кыянат пайдалануу шеги менен Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Сатыбалды Назарбаевдин уулу Кайрат Сатыбалдыулы кармалды. Бул тууралуу 13-мартта өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

"Кайрат Сатыбалдыулынын мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген башка кылмыштарга да тиешеси бар-жоктугу текшерилип жатат", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

51 жаштагы Кайрат Сатыбалдыулы ээлик кылган Alatau Capital Invest компаниясынын "Казактелекомдо" үлүшү бар.

24% "Казахтелекома" принадлежат человеку, чье имя совпадает с именем племянника Назарбаева
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

Сатыбалдыулы 2000-жылдары Астана (азыркы Нур-Султан) шаарынын акиминин орун басары, "KazakhOil" компаниясынын вице-президенти жана "Казакстан темир жолдору" компаниясынын биринчи вице-президенти кызматтарында иштеген. 2010-2015-жылдары мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин "Нур Отан" партиясынын катчысы болуп, агасы кызматтан кеткенине карабай бийликтеги таасирин сактап калууга аракет кылган.

2018-жылы Forbes журналы Сатыбалдыулын Казакстандагы эң таасирдүү 50 ишкердин тизмесине киргизген. Анда басылма анын байлыгын 163 миллион долларга баалаган.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG