Ссылки доступа

Тажикстандын Улуттук банкы доллардын кескин кымбатташы боюнча маалымат берди


Тажикстандын Улуттук банкы сомониге карата доллардын расмий курсунун кескин жогорулап кетиши боюнча маалымат берди.

Мекеменин билдирүүсүндө доллардын курсуна түрдүү себептер таасир этип жатканы жазылган. Алардын арасында долларга болгон суроо-талаптын жогорулашы, акча которуулардын азайышы жана өлкөнүн терс соода балансынын сакталышы сыяктуу себептер көрсөтүлгөн.

Ошол эле маалда өлкөнүн башкы каржы көзөмөл органы базарга кошумча долларларды чыгаруу жолу менен абалды жөнгө салууга аракет кылып жатканын билдирди.

9-мартта Тажикстанда АКШ валютасынын курсу кескин жогорулап, 100 доллар 1300 сомониге жеткен.

Улуттук банктын кызматкерлери валюта рыногундагы кырдаалды талдап чыккандан кийин андагы туруктуулукту камсыз кылуу жана салыштырмалуу туруктуу алмашуу курсун кармап туруу үчүн мекеме "зарыл инструменттер менен ресурстарды" колдоно турганын билдирүүдө.

Буга чейин банк тармагы боюнча эксперт Зулфикор Азиз "Озоди" радиосуна берген маегинде "эгер банк резервдерин толук пайдаланса, алар үч-төрт гана айга жете турганын" айткан.

Талдоочулар тажик экономикасы тышкы базарга өтө көз каранды экенин белгилеп, дүйнөдөгү кризистер өлкөнүн экономикасынын түрдүү тармактарындагы, анын ичинде банк тутумундагы экономикалык алсыздыгын көрсөтөт деп эсептешет.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG