Ишемби күнү жарыяланган бул чечимден кийин акыркы бир жылдын ичинде Украинанын коопсуздук тармагына берген АКШнын колдоосу 1,2 миллиард долларга жетти.
Буга чейин АКШ Конгресси Украинага 13,6 миллиард долларлык чукул жардам берүүнү колдогон. Анда аскердик техникалар менен жабдууларды жеткирүү акысын төлөөгө 3,5 миллиард доллар жана Орусиянын Украинага каршы агрессиясына байланыштуу Чыгыш Европага көчүрүлө турган АКШ аскерлерин жайгаштырууга 3 миллиард доллар бөлүү каралган.