"12 күндүк курчоо маалында турак жайлар аткыланды. Жыйынтыгында орус аскерлеринин аракетинен улам 1582 жайкын тургун өлдү. Орусия мындай жол менен 2014-жылдан бери Украинадан баш тартпай келгени үчүн жөнөкөй жашоочуларга жооптук чара көрдү. Мындай ишти аскер кызматкерлери эмес, эч кандай күнөөсү жок жай тургундарды барымтага алган террорчулар жасайт", — деп билдирди ИИМ башчысынын орун басары Мэри Акопян.
Анын айтымында, Мариуполь дале болсо орус аскерлеринин курчоосунда турат жана коргонууну улантууда.
3-мартта Орусиянын армиясы шаарды курчоого алган. Учурда Мариуполдо электр энергиясы, байланыш, газ, жылуулук жана таза суу жок.