Ссылки доступа

Өзбекстандык фермерлер мажбурлап иштетүү тажрыйбасы уланып жатканына даттанууда


Өзбекстанда фермерлер мажбурлап иштетүү тажрыйбасы уланып жатканын, болгону көйгөй мамлекеттик сектордон жеке секторго өткөнүн билдиришүүдө.

Фермерлердин айтымында, окуучулар менен студенттерди мажбурлап пахта теримге жөнөтүү жоюлганы менен фермерлер мамлекеттик аткаминерлер башкарган класстердик системанын ыктыярсыз жумушчулары болуп калышты.

Жергиликтүү фермерлер класстерлер жер тартып алуу, пахта терим менен түшүм акысын кечиктирүү жана эмгек укуктарын бузуу сыяктуу аракеттерге барып жатканына даттанууда.

Ташкент облусундагы фермерлердин бири "Оздолик" радиосуна мажбурлап иштетүү жоюлбаганын, болгону формасын өзгөрткөнүн айтты.

– Өзбек пахтасына бойкот балдар эмгегине каршы жарыяланган. Азыр бойкотту алып ташташты. Чынында балдарды мажбурлап иштетүү тажырыйбасы жоголгон жок. Бул көйгөйдү жакшынакай кылып жаап коюшту. Айылдык балдар мурдагыдай эле пахта терип, отоо жулуп жүрүшөт. Айырмасы – мурда алар бул ишти укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийликтин көзөмөлү алдында жасап келишкен. Азыр бардык жоопкерчиликти жеке секторго жүктөп коюшту. Айылдыктар жана алардын балдары жеке сектордон көз каранды. Алар 3-4 мал жандыгын багуу, жер иштетүү жана нак акча табуу үчүн аргасыз иштешет. Айыл балдарынын арасында күнүнө 100 килограмм пахта жыйнагандар бар, – деди фермер.

Өткөн аптада Cotton Campaign коалициясы өзбек пахтасына киргизилген глобалдык бойкот алынганын жарыялаган.

Уюм бул чечимин 2021-жылкы пахта түшүмүн жыйноо маалында жарандарды системалуу түрдө мажбурлап иштетүү көрүнүштөрү тыйылганы менен түшүндүргөн.

2009-жылы Cotton Campaign Өзбекстандын пахта талааларында балдар менен жарандар мажбурланып иштеп жатканын билдирип, дүйнө коомчулугун өзбек пахтасына бойкот жарыялоого чакырган.

XS
SM
MD
LG